Бүгүн, 26-апрелге караган түнү Өзбекстанда 26 адамдын анализинин жыйынтыгы чыгып, коронавирус жукканы аныкталды. Учурда өлкөдө жалпы 1862 бейтап бар.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы суткада 86 адам айыгып, ооруканадан чыккан. Жалпы 707 адам айыгып, 8 бейтап көз жумду.