Covid-19 илдети менен ооруган кош бойлуу аял үйгө чыгарылды

238

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Covid-19 илдети менен ооруган жаш келинди дарыгерлер айыктырып чыгарышты. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Дарыланган келиндин беш айлык боюнда бар болгон.

Бейтаптын айтымында, бул анын үчүнчү кош бойлуулугу, бактыга жараша коронавирус дарылоодо өтүшүп кеткен эмес.

Жаш келин стационарда 14 күндүк дарылануудан өтүп, ПЧР-анализин тапшырып терс жыйынтык чыккандан кийин үй карантинине жиберилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь