Бразилияда ооруканалар толуп, өлкө коронавирустун жаңы очогу болуп калды

398

Чет өлкөлөрдө COVID-19 боюнча кырдаалга жүргүзүлгөн мониторинг

Италия жыл соңуна чейин чет элдик туристтерге чек араларын ачпайт. Бирок коронавирус пандемиясынан улам жабылган музейлер жана башкы ажайып жайлары май айында ачылышы ыктымал.

АКШда коронавирустан каза тапкан алгачкы аялдын өлүгүн изилдөө анын жүрөгү жарылып кеткенин көрсөттү. Медиктердин пикиринде, бул буга чейин дени сак адам үчүн адаттан тышкаркы кубулуш. Патологоанатом билдиргендей, COVID-19 инфекциясы ооруну жуктуруп алган аялдын жүрөгүнүн булчуӊдарын жырып салган.

Индиянын Гуджарат штатында көчмө лаборатория иштей баштады. Ал шаардан шаарга көчүп, медиктер бардык каалоочуларга жеринде коронавируска тесттен өтүүгө сунушташат.

Бразилия коронавирустун жаңы очогу болуп калды. Өлкөнүн ооруканалары толуп, бейтаптар каза болуп же ооруканадан чыгып кетмейинче жаңы бейтаптарды кабыл ала албай жатышат. 2020-жылдын 26-апрелине карата коронавирустан 3 600дөн ашык бразилиялык каза тапты. 200 миллион калкы бар өлкөдө 53 000 адам илдетти жуктурган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь