Географиялык билими менен таң калтырган селсаяк өзү тууралуу айтып берди (ВИДЕО)

1 635

Географиялык билими менен социалдык тармактын колдонуучуларын таң калтырган селсаяк өзү тууралуу айтып берди. Буга чейин тараган видеодо ал дүйнөдөгү бардык мамлекеттин эң ири беш шаарын ойлонбостон атап берген болчу.

Кант шаарынан тартылган бул видеодо, ал өзүн Кайрат деп тааныштырды. Ал Чүй облусунун Люксембург айылынан болот. Бирок акыркы 30 жылдан бери айылда жашабайт.

Кайрат географиядан сабак бербегенин айтып, болгону өзүнүн кызыгуусу күчтүү экенин билдирди. Үй-жайсыз калган киши бул жолу өлкө, шаарларды гана эмес, суу, шаркыратма жана көлдөрдүн терндигине чейин жооп берди.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь