Географияны мыкты билген селсаяк менен Бишкек шаарынын коменданты жолугушту (Сүрөт)

871

Географияны мыкты билгендиги менен интернет жылдызына айланган Кайрат мырзага Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев жолукту. Бул тууралуу комендант өзүнүн Facebook баракчасына билдирүү жасады.

Анын айтымында, шаар тургундарынын ыкчам жардамы менен Кайрат мырзага жолугууга мүмкүн болду.

“Алгач сиздердин колдооңуздарга ыраазычылык билдирем. Ушул оор күндөрдө бири-бирибизге жардам көрсөтүп туралы. Кайрат мырзанын ак көңүлдүүлүгүнө жана мээримдүүлүгүнө баа бердим. Себеби берилген азык-түлүктөрдү биринчи кезекте жакындарына алып барып жана муктаж болгондор менен бөлүшөрүн айтты. Кызматкерлер тарабынан Кайрат мырза суранган дарекке жеткирилди. Аты-жөнүн тастыктоочу документтерин алууга жардам беребиз”, – деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, Бишкектин комендатты А. Орозалиев өзүнүн мындан бир нече саат мурда социалдык тармактагы баракчасына ал дагы мектепте окуп жүргөн мезгилде география сабагына өтө кызыкканын жазды. Ошондой эле ал ошол адамдын сүрөтүн жарыялап, ага жардам бергиси келип жаткандыгын кошумчалаган.

Орозалиев посттун алдындагы комментарийге жаранды тааныгандар болсо аны менен байланышуу жолдорун жазып коюну өтүнгөн болчу.

 

Комментарии

  1. География сабагын бергенге мумкунчулук берсе болоорбу,олимпиядага мыкты даярдык берет деп ишенем

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь