Дарыгер: Менин оюмча, бул пандемия Пакистанда айыккыс (Видео)

975

Пакистандын дарыгерлери массалык түрдө ишин таштап, пикетке чыгышты. Бул тууралуу Правда.ру басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, медицина кызматкерлери коронавируска каршы күрөшкөндөргө берилген коргоочу кийимдеринин сапаты начардыгын жана башка ооруканаларда такыр жетишсиздигин айтып чыгышты.

Бул себептен улам күн сайын көптөгөн дарыгерлер коронавирус жуктурушууда. 

“Кесиптештеримдин канчасы бейтаптарга ооруну таратышканын айта албайбыз. Ооруканада таптакыр башка оорулар менен ооругандардын көпчүлүгү коронавирустук инфекциялык бөлүмүнө которулуп жатат”, – дейт акцияга чыккан дарыгер Аманулла.

Баарынан да полиция кызматкерлеринин кылган иштери аны таң калтырды:

“Бизди өкмөт угат деп ойлогонбуз. Бирок биз жаңылыштык. Алар бизди дубинкалар менен уруп, АК-47 куралын такашты. Акцияга чыккан дарыгерлерди кармап, бир күндөн ашык полиция бөлүмдөрүндө болушту”, – деп кошумчалады ал. 

Ал эми Кветта ооруканасында иштеген дарыгер Юнас Елахинин айтымында, көптөгөн кесиптештери коронавирус жуктурганына карабастан ишин улантышууда.

“Биз канчалаган адамдарга жуктурганын же дагы жуктуруп алаарыбызды билбейбиз. Дарыгерлер өзүнүн өмүрүн тобокелсе салып бейтаптарды жеке коргонуу каражаттары жок дарылашат. Жабдыктар да жок. Өкмөт биз менен кеңешип иш кылбастан, дарыгерлерге карата зомбулукту күчөтүп жатат”, – деди Юнас Елахи.

Элахи кошумчалагандай, атайын коргоочу кийимдери жана коопсуздук техникасы менен камсыз болбогон аймактагы кесиптештери үчүн коронавирус менен ооругандарды дарылоо өзүн-өзү өлтүрүүгө барабар.

“Биз ушунчалык алсызбыз, жардам сурап кайрылган бейтаптарды көргөндө, доктурлар аларга тийе албай калганда, ыйлайм. Жергиликтүү медициналык жайлар абдан кейиштүү абалда. Менин оюмча, бул пандемия Пакистанда айыккыс!”.

Расмий маалыматтарга таянсак, вирусту жуктургандардын жалпы саны 13 миңге жетсе, алардын ичинен 269 адам көз жумган.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь