Казакстан карантинди жана өзгөчө абал режимин 11-майга чейин узартты. Тиешелүү буйрукка өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев кол койду.
Президенттин кайрылуусунда оорунун туу чокусу али өтө элек экени белгиленет.
“Кырдаалды көзөмөлдөн алуу коркунучу дагы деле бар. Мындан ары сактык чаралары болбосо, башка инфекция очоктору пайда болушу мүмкүн“,- деп айтылат билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, Казакстан 16-марттан бери өзгөчө абал режиминде жашоо өткөрүүдө.