Майк Тайсон рингге кайтуу ниетин билдирди

425

Легендарлуу боксчу Майк Тайсон рингге кайтуу ниетин билдирди. 53 жаштагы оор салмактагы америкалык спортчу төрт раунддан кайрымдуулук беттешин өткөрүүгө даяр.

Учурда Тайсон машыгуусун улантып, дене булчуңдарын формага келтирип жатат. Боксчу көргөзмө беттеш менен баңгизаттан көз каранды болуп калгандарга жана үй-жайы жок адамдарга жардам берет.

Тайсон акыркы жолу 2005-жылы профессионалдык мушташка чыккан. Майктын жалпы рекордунда 50 жеңиш жана алты жеңилүү бар.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь