Ошто кыз ала качкан студентти сот камакка алды

355

Ошто 2-курстун студенти кыз ала качууга шектелип жатат. Бул туурасында соттун баш коргоо чарасын тандоо өкүмүндө белгиленет.

22 жаштагы кызды дүкөндүн жанынан унаага салып уурдап кетишкен. Жабырлануучу арызында анын эркине каршы уурдалгандыгын билдирген.

Ош шаардык соту шектүүнү камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандады. Айыпталуучунун жактоочусунун айтымында жигит кылмыш кылып жатканын билген эмес. Ошондой эле А.К. аттуу жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өкүнүп жатканын билдирген.

Экинчи инстанция шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь