Петербургда такси айдап иштеген кыргызстандык аялды мигрант таанышы зордуктап кетти

452

Санкт-Петербургда таксист болуп иштеген кыргызстандык аял тааныш мигрант тарабынан зордукталды. Бул тууралуу орус басылмасы жазды.

Такси кызматында иштеген 28 жаштагы Кыргызстандын жашоочусу полицияга кайрылган. Жабырлануучу арызында 23 жаштагы Өзбекстандын тургуну аны унаанын ичинен зордуктап кеткенин айткан.

Шектүү тез арада кармалып, кыз экөөнүн мамилеси эки тараптын тең каалоосу менен болгонун билдирген.

Учурда кылмыш ишин козгоо боюнча маселе каралууда. Бардык тийиштүү ыкчам иш-аракеттер жүрүүдө. Зордуктоого шектелген жаран эч жерде иштебейт жана туруктуу жашаган жери жок экени айтылат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь