Текебаев түрмөдө телефонун “Корвалолдун” кутусуна катып, аны эч ким таба албаганын айтты (видео)

630

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев түрмөдө отурганда уюлдук телефонду кантип жашыруун колдонуп жүргөнүн ачыктады. Саясатчы “Жалбырак” телеканалына берген маегинде телефон каткан купуя сырын айтты.

Текебаев ага карата козголгон кылмыш ишти саясий деп белгилеп, ал СИЗОдо отурганда күзөтчүлөр камераны өтө дыкат текшерүүгө алгандарын баяндады. Ошол кезде УКМКда Абдиль Сегизбаев төрагалык кылып турган.

“Абдиль Сегизбаев менин үстүмөн катуу көзөмөл кылып, телефон менен дагы сүйлөшпөсүн деп камерама видеобайкоо орноткон. Жумасына 3-4 жолу 7-8 кызматкер келип ар бир чарчы/метрден телефон издешет эле. Айласы кеткенде күзөт кызматынын башчысы Айбек “байке бизди кыйнабаңыз, балдардын убалына калбаңыз, Сегизбаев күнүгө чалуулардын басмасын жөнөтүп жатат. Кечээ эле 12 жолу чалып сүйлөшүптүрсүз, биз жумуштан кетип калабыз” деп суранат эле. Мен аларды аяп купуя сырды ачып жибергим келет эле, бирок өзүмдү өзүм кармадым“,- деген Текебаев телефонду дары салынган кутунун ичиндеги көрсөтмөгө ороп катканын айтты.

Өмүрбек Текебаев жүрөк оорусуна ичкен “Корвалол” дарынын кутусуна кичинекей телефонду каткан. Сасяатчынын айтымында, кутунун ичин текшерүү эч кимдин оюна келген эмес. Алар адаттагыдай чоң телефонду издешти дейт Текебаев.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь