Ухандагы ооруканаларда коронавирус жуктурган бир дагы бейтап калган жок

194

Коронавирустун очогу болгон Кытайдын Ухань шаарындагы ооруканаларда аталган илдетке чалдыккан бир да бейтап калган жок. Бул тууралуу кечээ, 26-апрелде Саламаттыкты сактоо маселелери боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Ми Фэн билдирди.

«Дарыгерлердин күчү жана медицина кызматкерлеринин жардамы менен 26-апрелге карата Ухань шаарындагы ооруканаларда коронавирус инфекциясын жуктургандар жок», – деди Ми Фэн.

Буга чейин Кытайдын Ухань шаарынын бийлиги коронавирустан каза болгондордун саны 1290 адамга көп экенин билдирген. Анткени эпидемиянын алгачкы күндөрү каза болгондор саналбай калганын «Аль-Жазира» жазган.

Бул көрсөткүчтү кошкондо Кытайда коронавирус инфекциясынын кесепетинен 4632 адам көз жумган. Ухань шаарындагы медициналык мекемелер каза болгондор тууралуу маалымат кеч түшкөнүн билдиришкен. Себеби айрым бейтаптар үйүндө көз жумган. Бул учурда дарыгерлер ооруканада башка бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшкөн.

Булак: Баракелде

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь