Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айылында Чу дарыясында аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.
Адамдын сөөгү жаткандыгы (аты-жөнү жана туулган жылы такталууда) тууралуу 26-апрелде ӨКМге маалымат түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин №1 ӨКБ куткаруучу тартылып, адамдын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.