№3 ҮДБнын 9 кызматкеринен коронавирус табылды, үчөө реанимацияда

407

Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун тогуз кызматкеринен коронавирус табылды. Мындай маалыматты №3 ҮДБнын директору Жыргалбек Савданбеков жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.

Анын айтымында, төрт дарыгер жана беш медайым ооруну жуктуруп алышкан. Алардын бардыгы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Арасынан үчөө кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Савданбеков бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп ишендирди.

Учурда бейтапкананын дарыгерлери вирусту кайдан кантип жугузуп алганы иликтенип жатат.

26-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дагы үч кызматкеринен COVID-19 вирусу аныкталганын, алар илдетти жумуш учурунда жуктуруп алышканын билдирген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь