10 кыргызстандык Афганистандан мекенине кайтарылды

237

Бүгүн, 27-апрелде Казакстан аркылуу 10 жараныбыз Афганистан Ислам Республикасынан, Кабул шаарынан кайтарылды, бардык келгендер бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө алынды.

Кыргыз Республикасынын жарандарын чет мамлекеттерден кайтаруу боюнча маселелерди ишке ашыруунун алкагында, дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышына байланыштуу жабык чек аралар шартында жана эл аралык жүргүнчү авиабилдирүүлөрдүн токтогондугунан улам КР ТИМи Казакстандын ТИМи менен биргеликте кызматташууда бул маселени чечүү иштелип чыкты.

Көрсөтүлгөн жарандар ооган авиакомпаниясынын коммерциялык чартердик авиакаттамы аркылуу Алматынын эл аралык аэропортуна учуп келишкен. Ал жактан алар атайын унаа менен саламаттык сактоо кызматкеринин коштоосунда Бишкекке алынып келди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь