Баш ийбестен дааватын улантышкан. Ысык-Көл жана Нарында 6 жаранга айып пул салынды

1 287

Карантиндин талаптарын бузган Ысык-Көл облусунун аймагында 2 факты, ал эми Нарын облусунда 4 факты катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

6-апрель күнү Каракол шаарынын жашоочусу Ш.К. өзүн-өзү обочолоо режимин бузган. Аталган факты Бузуулардын бирдиктүү реестрине “Өзгөчө кырдаалдар режиминин шартында чектөө киргизилген чаралардын талаптарын бузуу-карантин” беренеси менен катталган. Жогорудагы берененин негизинде жаран Ш.К. I категориядагы 20 миң сомдон 30 миңге чейин айып түрүндө жазасын алат.

Андан сырткары, 19-апрель күнү Каракол шаарынын тургуну С.Н. үй шартындагы карантиндин эрежелерин бузуп үйдүн сыртында “Карантин” деген жазууларды сыйрып, тартылган ленталарды жулуп качып кетүүгɵ аракет жасагандыгы аныкталган. Аталган факты Бузуулардын бирдиктүү реестрине “Өзгөчө кырдаалдар режиминин шартында чектөө киргизилген чаралардын талаптарын бузуу-карантин” беренеси менен катталган. Жогорудагы берененин негизинде жаран С.Н. I категориядагы 20 миң сомдон 30 миңге чейин айып түрүндө жазасын алат.

Нарын облусунда жогорудагыдай 5 факты аныкталды. Бузган жарандардын бардыгы Нарын облусунун Ат-Башы районунун жашоочулары болушат.

1977-жылы туулган М.К., 1971-жылы туулган И.Т. аттуу Ата-Башы районунун жашоочулары Индиядан Кыргызстанга давааттан соң келишкен. Кыргызстанга келгенден кийин аларды обсервацияга жаткырышкан. Алардан алынган анализ терс жыйынтык көрсөткөндүктөн, аларды үй шартындагы карантинге койо беришкен. Өзүн-өзү обочолоо жөнүндө тил кат бергендерине карабастан жарандар М.К. менен И.Т. үй шартындагы карантинди бузушуп, даваат менен алектенүүлөрүн уланта беришкен. Аталган факты Бузуулардын бирдиктүү реестрине “Өзгөчө кырдаалдар режиминин шартында чектөө киргизилген чаралардын талаптарын бузуу-карантин” беренеси менен катталган. Жогорудагы берененин негизинде жарандар М.К. менен И.Т. I категориядагы 20 миң сомдон 30 миңге чейин айып түрүндө жазаларын алат.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн бардык фактылар боюнча Каракол ШИИБ менен Ат-Башы РИИБдин тергөө кызматы иликтөөлөрдү жүргүзүүдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь