Бүгүн, 28-апрелде Екатеринбург-Бишкек чартердик каттамы менен 157 кыргыз жараны учуп келди.
Маалыматка ылайык, ”Манас” эл аралык аэропортунда “Урал авиакаттамдары” авиакомпаниясынын Екатеринбург-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты.
COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында, жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик катамдын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт.