Кара-Балтада күйүүчү май саткан жерден өрт чыгып, автоунаа күйүп кетти (сүрөт)

388

Кара-Балта шаарында бүгүн 28-апрелде Дзержинский көчөсүнөн өрт чыкты. Тилсиз жоо күйүүчү май саткан көп кабаттуу үйдүн алдынан чыкканы айтылат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, үйдүн алдындагы «ЗИЛ» жана «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү эки автоунаа күйүп кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, жаш бала катуу жабыркады ал болжолу кожоюндун тууганы болот.

Жеринде төрт өрт өчүрүү кызматы иштеп жатат. Эки жолу жарылуунун үнү угулган.

Булак: “Турмуш”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь