Коменданттык саат учурунда мас айдоочу имаратты сүзүп токтоду (ВИДЕО)

349

Коменданттык саат учурунда Бишкекте жол кырсыгы катталды. 27-апрель күнү саат 23:00дөр чамасында Карл Маркс жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа имаратты сүзүп кирип кеткен. 

Күбөлөрдүн айтымында рулдагы айдоочу мас абалда болгон.

Шаардык комендатурадан билдиргендей, 32 жаштагы айдоочу банктын имаратын сүзгөн. Айдоочуга КРдин Бузуулар кодексинин 127 (“Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу”), 128-беренелерине (“Транспорт каражатын мас абалында айдоо”) ылайык протокол түзүлүп, автоунаа айып короого киргизилди.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь