Бүгүн, 28-апрелге карата Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен өлкөдө илдетти жуктургандардын саны 708 адамга жеткенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, ооруган бейтаптар менен 2915 адам байланышкан. Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 1012 адам жатат.