Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан 21 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде эртең мененки онлайн брифинг учурунда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын ичинен:
Бишкек ш. – 3;
Ош ш. – 2;
Ош облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 9;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл обслусу – 4;
Баткен обслусу – 1.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 416 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.