Кыргызстан менен Азербайжандын Тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

225

2020-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Азербайжан Республикасынын тышкы иштер министри Эльмар Мамедъяров менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө өлкөлөр тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талкуулап, эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин жана саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда түз байланыштарды жөндөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар ошондой эле кыргыз-азербайжан мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча, атап айтканда, үстүбүздөгү жылы бир катар эки тараптуу иш-чараларды, анын ичинде Азербайжан Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына расмий сапарын жүзөгө ашыруу боюнча пикир алмашышты.

Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча министр Ч.Айдарбеков кесиптешине колдоо көрсөткөндүгү, анын ичинде, жүктөрдүн тоскоолдуксуз өтүүсүн уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь