Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан “Эркеч-Там унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аза күнүнө байланыштуу пунктту жабуу сунушу Кытай тараптан түшкөн.
Көзөмөл-өткөрүү пункту 30-апрелден баштап 5-майга чейин жабык болуп, 6-майдан тарта жүк өткөрүлүп баштайт.