Ошто ээн көчөдө да эвакуация иштеп жатат. Эл нааразы

370

Өзгөчө абал маалында Ош шаарында унааны эвакуация кылып жаткан сүрөт көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты. Фейсбук колдонуучу Жылдыз Капарова карантинде бош турган көчөдө эвакуатордун унааны жүктөп жаткан сүрөтүн жүктөгөн.

Журналист Абай Нур Большевиков бул көрүнүштү такыр туура эмес деп эсептейт.

“Мына уят иш. Өзгөчө кырдаал учурунда, шаарда саналуу машине жүрсө, авариялык абал же унаа тыгыны жаралбаса, элде баштагыдай акча жок болсо мыналардын иш алып баруусу такыр туура эмес деп эсептейм. Эвакуация кылган жеке компаниянын жетекчисинин курсагы ачса акчаны башка жактан издеп турсун азырынча. Эл деген оюнчук эмес. Кыжырдантып отуруп бир күн жарып албагыла! Тиги машиненин ээси эми жок эле дегенде 1500 сом төлөйт. Шаардык бийлик 2 эвакуатор унаасын алып айып пулдун суммасын бир аз азайтууга жана аны шаар казынасына салууга кызыктар эмес. Жеке эле бирөөнүн капчыгына түшүп атат. Алар болсо билген б.гун жеп атат“,- деген ачуулу сөздөрүн жазган журналист.

Ал эми Ош ШИИБнин басма-сөз катчысы Замир Сыдыков, кандай гана кырдаал болбосун – мыйзам аткарылышы керек дейт.

“Ушундай кырдаалда тартипти тескерисинче күчөтүшүбүз керек. Айдоочу деле “токтоого мүмкүн эмес” деген жайга токтобошу керек”,-деди.

Мына уят иш.Озгочо кырдаал учурунда, шаарда саналуу машине журсо, авариялык абал же унаа тыгыны жаралбаса, элде…

Опубликовано Абаем Нур Большевиковым Вторник, 28 апреля 2020 г.

#Мыналар_эмнеге_иштеп_жатат???Эгер мамлекеттик болсо эл үчүн деп кабыл кылсак болмок, бирок карантинде бош турган…

Опубликовано Жылдыз Капаровой Вторник, 28 апреля 2020 г.

Комментарии

  1. Today, I went to the beachfront with my children. I found a sea shell
    and gave it to my 4 year old daughter and said “You can hear the ocean if you put this to your ear.”
    She placed the shell to her ear and screamed.

    There was a hermit crab inside and it pinched her ear.
    She never wants to go back! LoL I know this is completely off topic but I
    had to tell someone!

    Check out my web site :: cheap flights

  2. Admiring the time and effort you put into your
    website and detailed information you present.
    It’s nice to come across a blog every once in a while that
    isn’t the same unwanted rehashed information. Great read!
    I’ve saved your site and I’m including your RSS feeds to my Google account.

    Look into my homepage :: cheap flights

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь