Президент: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Ат-Башыда өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылат

1 807

«Эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылат», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында.

Мындай чечим биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун азыркы кырдаал тууралуу баяндамаларынан кийин кабыл алынды.

Алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда 2020-жылдын 10-май күнүнө чейин өзгөчө абалды узартуу максатка ылайык экендигин белгилешти.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

«Өкмөт, бардык мамлекеттик органдар, Коопсуздук кеңеши тарабынан сунушталган тийиштүү антикризистик иш-чараларды улантуусу зарыл. Планга өзгөртүүлөрдү киргизгенде, комендатуралардын, жергиликтүү бийликтин  бизнеске жеңилдиктерди берүүгө тиешелүү  сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу керек», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, Коопсуздук кеңештин чакан курамдагы жыйыны айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэринин катышуусу менен өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана республикада социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чараларды карап жатат.

Эске салсак, өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2020-жылдын 25-мартынан 15-апрелге чейин киргизилген.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 2020-жылдын 15-апрелинен тартып өзгөчө абал киргизилген.

Комментарии

  1. иштебеген адам каяктан алабыз сабыр тугоп баратат жалган ойунга элди кыйнап эмне кыласынар силердин курсагынар ток чектоонун дагы чеги болот кят дагы керек кудай кыяматкайынды жиберсе эмне бллмок бул го оору алам дэсе карантинди казыктай какса да алат.
    Ообу жоктун иши бул акчанарды болушуп алдынарбы

  2. Мыйзамдын эрежелерине баш ийип,тартипти , ынтымакты бекем сактаганыбыз , баарыбыз учун ото маанилуу. Учурдагы короновирус илдетинен чон,онуккон олколор Америка,РФ, ото кооптоуу чараларды алдын ала даярдык аракетинде.

  3. Мыйзамдын эрежелерине баш ийип,тартипти , ынтымакты бекем сактаганыбыз , баарыбыз учун ото маанилуу. Учурдагы короновирус илдетинен чон,онуккон олколор Америка,РФ, чараларды алдын ала даярдык аракетинде. Бизге ото сабырдуулук керек. Муктаж болгон Уй булолорго кол сунган Эл уулдары жана кыздарына Аллахтын ыраазычылыгы болсун.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь