Тарых илимдеринин доктору, профессор Турду Жыргалбеков каза болду

355

Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө салым кошкон, тарых илимдеринин доктору, профессор Турду Жыргалбеков 21-апрелде дүйнө салды. Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети билдирди.

Турду Жыргалбеков 1932-жылы 30-декабрда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында туулган. 1955-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1961-жылы Москва шаарындагы ЦК КПССдин жогорку партия мектебин аяктаган. Профессор, тарых илимдеринин кандидаты. Жети монография, үч окуу курал, 70тен ашык илимий макалаларды чыгарган.

Эмгек жолун Ак-Талаа районунун орто мектебинде мугалим, райондук эл агартуу бөлүмүндө инспектор, андан соң райондук комсомол комитетинин биринчи секретары, «Айыл турмушу» райондук гезитинин редактору болуп иштей баштаган.

1970-жылы кандидаттык диссертациясын жактап тарых илимдеринин кандидаты деген наам алган. 1998-жылы «тарых илимдеринин доктору», 2003-жылы «профессор» деген наамдарга ээ болгон.

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн 2002-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам ыйгарылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь