Өзбекстанда болгон катуу шамалдан бир адам каза болуп, 30у жаракат алды (видео)

451

Бухара облусунда 27-апрелде кечинде болгон катуу шамалдын кесепетинен 1 адам каза болуп, 30у ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 5 адам ооруканага жаткырылган, анын ичинен экөө оор абалда. 26 жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө кое берилген.

28-апрелге караган түнү Бухара, Навои, Самарканд жана Кашкадарыяда катталган шамалдын ылдамдыгы секундасына 9-40 метрге жеткен. Облуста газ түтүктөрү жана башка объектерде 120дан ашуун зыян келтирүүлөр аныкталып, 138 миңден ашуун турак үйгө газ берүү убактылуу токтотулган.

Табигый кырсыктын кесепетин жоюуга 700дөн ашуун адам жана 127 атайын техника тартылды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь