Өзгөчө абал маалында Жалал-Абадда үч наристе сууга агып кеткен

1 091

Өзгөчө абал маалында 25-марттан тарта бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад облусунда 61 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу бүгүн 28-апрелдеги онлайн-брифингде Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Мындан тышкары, ушул убакыт аралыгында өспүрүмдөрдүн арасында 9 кырсык катталган. Анын ичинен үч наристе сууга агып кеткен. Экөөнүн денеси табылып, бирөөнү куткарып калууга мүмкүн болду дейт Жоробеков.

“Ата-энелердин кайдыгерлиги балдардын көз жашы демекчи, тилекке каршы өспүрүмдөр арасында 9 кокустук катталды. Мүмкүн болушунча балдарга көз салып, үйдө отуруу ичинде тарбиялык иш-чараларды өткөрүп балдарыңыздарга көңүл бурсаңыздар”,-деп комендант ата-энелерге кайрылды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь