Эртең, 29-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу аймактарда кар, кээ бир райондордо катуу жаан жаашы мүмкүн. Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Ал эми күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9 градус болот.
Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 22…24 градус болот.