30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. Маалыматты бир катар депутаттар тастыкташты.
Жыйындын алкагында депутаттар өзгөчө абал режимин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартуу жөнүндө президенттин жарлыгын жактырышат. Ошондой эле бир катар комитеттер мыйзам долбоорлорун жыйналышта кароого даярдайт.
Депутаттар күн тартиби дагы эле түзүлүп жатканын билдиришти.