Акын, журналист Зайырбек Ажыматов мезгилсиз дүйнө салды. Маркум бүгүн, 29-апрелде көз жумганын жакындары билдирди.
Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Калеминен жаралган ырлары «Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) деген аталыш менен жыйнак болуп басылып чыккан.
Журналистикадагы эмгек жолунда азыркы тапта “Азаттык” радиосунда иштеп жаткан.
Толку маалымат жок