Алайда өз апасын өлтүрүүгө шектелип 16 жаштагы кыз камакка алынды

1 275

Ош облусунун Алай районунда 16 жаштагы кыз өз апасын өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев “Элдик медиага” билдирди.

25-апрель күнү саат 10:00 чамасында Алай районунун Жошолу а/а айылдарынын биринде 52 жаштагы аял адамдын жансыз денеси табылгандыгы боюнча маалымат Алай РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө келип түшкөн.

Алай РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып төмөндөгүлөрдү аныктаган.

24-апрелде саат 22:00 чамасында Алай районунун Жошолу а/а айылдарынын биринде 16 жаштагы кыз апасы менен уруша кетип эшикке илинүүчү темир кулпу менен апасынын башына 2-3 жолу уруп башка бөлмөгө кирип жатып алган. Жарат алган 52 жаштагы апасы кансырап жаткан жеринде каза болуп калган.

Бул окуя боюнча КРдин Жазык Кодексинин 138-беренесиндеги (Ден-соолукка оор залал келтирүү) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, кылмышка шектүү 2 айга камакка алынды.

Айрым маалыматтарда, апасы ичкиликке берилип жүргөн, ошол күнү дагы мас абалда болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь