Чүй облусунун Аламүдүн районунда 24 жаштагы жигит унаасы менен коктуга кулап каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
28-апрель күнү саат 22:00дө Байтик айылынын Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунан “Тайота Прадо” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1996-жылы туулган А.Ч. унаасы менен коктуга кулап түшкөн.
Жерине КР ӨКМнин №1 ӨКБ куткаруучулар жабыркаган жаранды коктудан носилка менен чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Бирок жабыркаган жаран ооруканага жетпей көз жумган.