Кыргызстанда кирешелер боюнча көптөгөн жоготуулар болуп жатат. Алсак, бажы жана салык линиясы боюнча 10 млрд сомго жакын акча алынган жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
“Бажы линиясындагы төмөндөө биринчи кезекте чек аранын жабылышына байланыштуу жүрүүдө. 2020-жылга карата пландар боюнча 45-50%га төмөндөө болду. Экинчи орунда – салык линиясы, бул да кыйыр түрдө чек аралардын жабылышына байланышкан. Импорт кыскарды, ал эми импорттун 70%ы Кытайдан келет, бул ички өндүрүшкө өтө таасирин тийгизет, анткени тийиштүү толуктоочу заттарды сатып алуу мүмкүн эмес. Экономикалык түшүүлөргө чектөө коюлуп жаткан салыктык жыйымдар төмөндөгөндүгүн белгилөө зарыл”, – деп билдирди вице-премьер-министр Асрандиев.
Анын айтымында, бюджеттин корголгон беренелерине – пенсия, жөлөк пул жана эмгек акыга, айына 7,5 млрд сом сарпталат.
“Жыл башынан бери катуу үнөмдөө жүрүүдө, сатып алуу, иш сапарлар жана башка чыгымдардын түрлөрү токтотулду”, – деп жыйынтыктады ал.