Алмазбек Атамбевдин кызы Алия Шагиеванын алгачкы клиби чыкты. Буга чейин “Кызыктай дүйнө” аттуу ыр жаздырып ырдап чыкканы белгилүү. Клип карантиндик шартка байланыштуу үйдө тартылганын белгилейт Алия.
“Ыр дагы, клип дагы үйдөн жаздырылды. Карантиндеги чыгармачылык. Бул ыр жашоо жана анын кызыктай бөлүгү жөнүндө. Бул менин алгачкы клибим, мен анын ушундай шартта тартылганына кубанам”, – дейт Шагиева. Клип кимге жаккан болсо “кызыктай” клубга кош келдиңер деп кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин Шагиева сүрөтчүлүк өнөр менен алектенип келген.
Атасына кайгырган туру жок го?Жаккан жок.
Папиросту туура тиштеп чегет ко)))
Жакпады 😀
Өзгөчө көз караш дүйнөгө. Жакшы ырдаптыр. Обону да жагымдуу.