Бала бакчалар жана билим берүүчү мекемелер качан иштей баштары айтылды

650

Бала бакчалар, мектептер, окуу жайлар жана башка билим берүүчү мекемелер өзгөчө кырдаал режими алынып салынмайынча жанданбайт.

«Эгер 1-июнга чейин кырдаал турукташса, ишин башташат. Режим улана берсе, 15-июнга же июль айына чейин жылып кетиши мүмкүн. Баары өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды», – деди Асрандиев.

Кыргыз өкмөтү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында 1-майдан тартып үч этап менен ишканалардын, тармактардын ишке киришүү механизм иштеп чыккан. Биринчи этаптан ишке кирүүчү тармактарга өндүрүш, өнөр жайы, курулуш, соода, тейлөө тармагы кирет.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 28-апрелдеги жарлыгы менен Нарын шаары, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунан өзгөчө абал алынды. Ал эми Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда өзгөчө абал 10-майга чейин узартылды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь