Боронов: Кыргызстан эпидемиянын туу чокусуна жетти деп айтуудан алысмын

298

Кыргызстан эпидемиянын туу чокусуна жетти деп айтуудан алысмын. Себеби бизде чечилбей жаткан дагы бир маселе бар. Бул – элдин арасында оорусу билинбей өтүп жаткандар жана оорусун жашырып койгондор бар. Республика аймагындагы 114 калк жашаган аймакта коронавирустун очогу бар деп эсептеп чыктык. Учурда мобилдик топ алардын баардыгын кыдырып, ар бир жаранга жолугуп, алардын абалын билүүгө аракет жасап жатат, – деп баса белгиледи өкмөт үйүндө өткөн брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Ал маалымдагандай, ошондой жарандар калып калган болсо, кайрадан ооруну жайылтууга себепкер болот.

“Ошондуктан бүгүнкү күндө эпидемиянын туу чокусуна жеттик деп айтуу кыйын. Буткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун методикасынын негизинде эсептен чыккан эсептөөлөрүбүз туура чыгууда. 30-апрелге чейин биздин республикада 770 оорулу болот деп божомолдогонбуз. Анын 60% бүгүнкү күндө айыгып чыкты. 29-апрелге карата 729 адам коронавирус жуктурган. Демек, өлкөдөгү инфекциянын жайылышын бир топ көзөмөлдөй алдык десек болот“, – деп кошумчалады ал.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь