Журналисттерге 11-майдан тарта иштөөгө уруксат берилди

261

Массалык маалымат каражаттары 11-майдан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, бул күндөн тарта бардык ЖМК редакциялары жана кеңселери ишин улантат.

Айрым ЖМКлар дистанттык режимде иштеп жатты, бирок 11-майдан тарта кайрадан иши жандандырыла турган уюмдардын катарына киргизилди“,- деди Эркин Асрандиев.

Белгилей кетсек, республикалык ыкчам штабы өзгөчө абал мезгилинде жеке ЖМКларды аккредитациядан өткөргөн эмес.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь