Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча 29-апрелге белгиленген сот отурумуна Алмазбек Атамбаев алынып келинди.
Жактоочусу Сергей Слесарев Атамбаевдин кан басымы көтөрүлүп жатканын, ал өзүн начар сезип жатканын билдирди.
Буга чейин сот бир нече ирет Алмазбек Атамбаевдин жана айрым адвокаттардын келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылган болчу.