Коронавирус: АКШда 1 миллиондон ашык адамга жугуп, 59 миң бейтап көз жумду

207

Бүгүнкү күндө Америкада коронавирус жуктургандардын саны 1 миллион адамдан ашты. АКШ дүйнө жүзүндө коронавирус тастыкталган учурлардын саны боюнча биринчи орунда турат. Бул өлкөдө инфекциянын кесепетинен 59 миңден ашык адам көз жумду.

Буга чейин Американын президенти Дональд Трамп АКШда коронавирус боюнча абал жакшырып жатканын билдирген.

Трамп онлайн маалымат жыйында: “Өлкөнүн бардык бөлүктөрү же жакшы формада, же коронавируска байланышкан иштер жакшы жүрүп жатат”, – деген.

Президенттин айтымында, Нью-Йоркто, Чикагодо, Бостондо жана Жаңы Орлеанда жаңы учурлар азайып, башка кризистик чекиттер турукташты.

Бүгүн, 29-апрелге карата дүйнө жүзүндө 3,1 млн адам коронавирус жуктуруп, 217 миңден ашык бейтап каза тапты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь