Эртең, 30-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар, айрым аймактарда катуу жаан жаашы күтүлөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 15…20;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16, күндүз 19…24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20 болот.
Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 17…19 градус болот.