Абитуриенттер 20-июлдан тарта кабыл алынат. ЖРТ жана ЖОЖго тапшыруу этаптары

287

Окуучулар үчүн окуу жылы дистанциялык формада аяктайт. Азыркы учурда жыйынтыктоочу аттестациялык экзамендердин, ошондой эле аралыктан окутуудагы жыйынтыктардын бардык варианттары иштелип чыгууда. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мектеп окуучулары үчүн республикалык олимпиаданын төртүнчү этабы белгисиз мезгилге токтотулду.

ЖРТ жана ЖОЖго тапшыруу ЭТАПТАРЫ:
– каттоо 4-15-майда аяктайт;
– 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
– 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
– 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
– 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
– ЖРТ жыйынтыктарын жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт;
– 20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;
– 27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру өтөт;
– 3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру өтөт.

Адистештирилген орто окуу жайларына документтерди тапшыруу 1-июлда башталат.

Бардык иш-чараларды өткөрүү үчүн бөлмөлөр алдын ала дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь