Учурда Талас шаарынын мэринин үстүнөн иликтөө жүрүп жатат. Шаарда жардамга муктаждарга таратылган баштыктарга эмне азыктар салынган?
Кечээ, 29-апрелде Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбековдун үстүнөн иликтөө жүрүп жаткандыгы белгилүү болгон.
Маалым болгондой, буга чейин айрым ЖМКда мэр шаарда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө бөлүнгөн акчадан жеп алганы үчүн УКМК тарабынан кармалганы кабарланган. Бирок мэр кармалды деген маалымат чындыкка дал келбейт.
«Бул боюнча учурда Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков суралып, учурда иш такталып жатат. Камалган жок. Талас шаарына өкмөт тарабынан гуманитардык жардамга деп 777600 сом бөлүнгөн. Кечээ, 28-апрель күнү акча түшкөндө ар бир адамга 800 сомдон болгон баштыктар (азык-түлүк салынган) жасалган. Жалпы 972 баштык болгон. Анын ичине ун азыктары, күрүч, шекер жана башка азыктар салынган. Дүкөндөн алып жатканда комиссия түзүлбөй калган экен. Баягы иш аткарылып, бирок документтештирүү жагында мүчүлүштүктөр болгон. Даярдалган баштыктар элге тизме менен таратылып берилип, акыркы 300 даанадан ашыгы калганда УКМК тарабынан текшерүү келген. Баштыктагы азыктар текшерилгенде айрымдардын салмагы аз болуп, текшерүү башталган. Учурда азыктарды саткан дүкөн толук күнөөнү мойнуна алып, ордун толуктап беребиз деп айтышты», – дешкен мэриядагылар.
Булак: “Turmush” басылмасы