Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, катуу жааган жамгырдын кесепетинен Чөгөм айылына баруучу унаа жолунда сел жүрдү.
Жолду тазалоо үчүн №21 жол тейлөө ишканасынан техника тартуу жагы каралууда. Бирок техникасы оң абалда болбогондуктан, тазалоо иш-чаралары убактылуу токтоп турат.
Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.