Бишкекте дагы бир төлөм терминалынан акча уурдалды

444

Бишкектеги “Тунгуч” кичирайонунда дагы бир төлөм терминалынан акча уурдалды. Бул тууралуу сатуучу агент Илья Кириченко билдирди.

Анын айтымында, эки киши кечээ, 29-апрелде түнкү саат 04:00 чамасында терминалды ачышкан. Кылмышкерлердин бул кылыгы байкоо камераларына түшүп калган.

“Алар баш кийим жана беткапчан экен. Терминалды лом менен ачышыптыр. Анын ичинде 13 миң сом болгон”, – деди сатуучу.

Ошондой эле Кириченко милицияга арыз жазганын айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин коменданттык саат учурунда төлөм терминалдарын талкалоого, уурдап кетүүгө аракет кылуунун бир нече фактылары катталган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь