“Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн, такси кызматынын айдоочуларында патент, унаага өткөрмө кагазы болушу керек жана унааны күнүнө 3 жолудан кем эмес дезинфекциялап, бир буйрутманы аткарууда салондо 2 жүргүнчүнү гана алып жүрүүгө тийиш“, – деп билдирди борбордун мэри Азиз Суракматов.
Ал эми жүргүнчүлөрдүн жанында сөзсүз түрдө өздүгүн күбөлөндүргөн документи, маршруттук баракчасы болушу керек. Ошондой эле байланыш адамдардын чөйрөсүн аныктоо үчүн, унаанын номерин, маркасын, унаада жүргөн күнүн жана отурган убактысын жазып алуулары зарыл.
Кыйынчылык менен эмес женилдик менен иш кылганды качан уйронот акмаки.