Бишкек шаарынын Ленин районунда Арзамасская көчөсүндө жайгашкан №10 үйдүн ээси чатырынан сымап таап алган. Бул тууралуу 30-апрелде ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулар жерине барып, 1 кг сымапты убактылуу сактоого өздөрүнө алып келишкен.