Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режимин узартуу жөнүндө токтомду кабыл алды.
Президент Сооронбай Жээнбеков “Президенттин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал 10-майды кошуп эсептеген мезгилге чейин узартылды. Аталган жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет.