Жалпы республикалык тестирлөөнүн датасы белгилүү болду

486

4-майдан 15-майга чейин Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ачылат деп билдирет билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков.

“Ал эми тестирлөөнүн өзү 21-22-июнь күндөрү өтөт. Бул үчүн бөлмөлөрдүн ичи дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат”, – деп билдирди Каныбек Исаков.

Азыркы күндө 1200дөн ашуун видеосабак тартылган. Министр мектепке даярдоо жана 1-11-класстар үчүн IV чейректин сабактары 8-апрелден тартып аралыктан жүрүп жаткандыгын эске салды. Ал эми жогорку жана орто окуу жайларда бул процесс 16-марттан бери ишке ашып жатат.

Азыркы күндө биз 1200дөн ашуун видеосабактарды тарттык. Негизинен төрт багытта иштеп жатабыз. Буга чейин тартылып, даярдалган видеосабактар “Баластан” КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана башка 10го жакын телеканалардан кетип жатат. Күн сайын 15-20 мүнөткө чейин созулган 14-15 сабак көрсөтүлүүдө“, – деп билдирди министр.

Ал кошумчалагандай, аталган сабактар YouTube каналына да жайгаштырылган, башкача айтанда, кайрадан кайталап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

“”Ынтымак” каналы аркылуу өзбек тилиндеги сабактарды да жакында киргиздик”, – деп кошумчалады министр Исаков.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь