Журналист, акын Зайырбек Ажыматов кечээ, 29-апрелде көз жумду. Маркумдун сөөгү 1-майда жерге берилерин акындын тууганы Жеңиш Азимбеков “Баракелдеге” билдирген.
Анын айтымында, акындын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
«Зайырбек агабыздын кайтыш болгонун угуп, туугандар кеңештик. Эртең Бишкекке жолго чыгабыз. Сөөгүн 1-майда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюуга уруксат берилди. Ал дарыгерлерге керээз калтырып: “Мен болбой калдым, өлсөм Элмирбектин жанына койсун” деген суранычын айтыптыр», – деди ал.
Акын 5 бир тууган.
«Анын төрт иниси жана бир карындашы бар. Атасынан эрте ажыраган. Атасы Самаган Ажыматов 1980-жылы 28 жашында дүйнөдөн өткөн. Акын анда 4 жашта болгон. Апасы 64 жашта», – деди.
Маркумдун артында жубайы, 4 баласы (2 уул, 2 кыз) калды.
Зайырбек Ажыматов жарык дүйнөгө 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында келген. Калеминен жаралган ырлары «Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) деген аталыш менен жыйнак болуп басылып чыккан.
Булак: “Баракелде”